Суроо-жооптор

EDU24 деген эмне?

Бул портал - Кыргыз республикасынын билим берүүнү башкаруунун бирдиктүү электрондук системасы (БББЭС).

БББЭС (билим берүүнү башкаруунун бирдиктүү электрондук система) өзү менен бирге көп баскычтуу динамикалык маалыматтарды бөлүштүрүү системасын күнү-түнү

аткарып жана КРнын ЖОЖдоруна баардык маалыматтарды түрдүү булактар менен берүүгө, иш чараларды жогорку денгээлде уюштурууга, билим берүү чөйрөсун мыйзамга багыттоо жана адистештирүү тармагын жакшыртуу.

EDU24 порталы ким үчүн түзүлүп атат?

БББЭС “булут системаларынын” принцибинде түзүлгөн Илим жана билим берүү министрлигин жана ЖОЖдордун корпаративдик электрондук куралы, андан тышкары студенттердин, мугалимдердин, ЖОЖдордун адистеринин жана башка билим берүү процессинин активдүү катышуучуларынын өздүк маалымат мейкиндиги болуп эсептелет.

БББЭС студентерге, адистерге билим берүү чөйрөсүндо жалпы жарандык же кандайдыр бир адистик тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.

БББЭС тышкы жана ички абитуриеннтерди жана алардын ата энелерин Кыргызстандагы ЖОЖдор тууралуу так жана толук маалымат менен камсыз кылат. БББЭС бүтүп кеткен студенттер менен маалымат алмашып, өлкөдөгү адистердин даярдалышынын сапатын изилдеп ЖОЖдордун рейтингин калыптандырат.

Сурамжылоо, коомдун пикирин угуу аркылуу топтолгон билим алуу тууралуу маалыматтарды изилдөө аркылуу, тармак ичинде жана мамлекеттик деңгээлдеги чечимдердин кабыл алынуусун тездетүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу.

БББЭС студенттердин, студент кезинде да адис болгондо да жумуш берүүчүлор менен тыгыз байланышта болуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай мүмкүнчүлүк студентерди жана жаш адистерди жигерлүү окуганга, мыкты адис болууга үндөйт жана өздүк адистик портфолун студенттик күндон баштап калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет.

EDU24 эмнеге керек?

БББЭС реалдуу убакытта төмөнкүлөрдү уюштурууга мүмкүнчүлүк берет:

  • Билим берүү мекемелериндеги лицензиялык милдеттемелерди жана чектөөлөрдү ыкчамдуу көзөмөлдөө;
  • Окуу процесстерин базалык жана жалпы билим алуу сабактарынын сааттарга бөлүнүшү, адистиктер жана сабактар боюнча унификациялоо;
  • КРнын жогорку профессионалдык билим берүү мекемелери тарабынан мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана көрсөтмөлөрүн так аткаруусун камсыз кылуу;
  • Билим берүү мекемелеринин иш аткаруусун тынымсыз баалоо жана кылдат рейтингдөө;

  • Билим берүү чөйрөсүндө татыктуу атаандаштыкты камсыз кылуу;
  • Кырдаалды кылдат изилдөө менен гранттык жана коммерциалык негизде адистерди даярлоону пландоо;
  • Студенттерди бир окуу жайдан башка окуу жайга которуу процедурасын калыпка салуу;
  • Кыска мөөнөттүн ичинде билим берүү жөнүндөгү документтерди даярдоо жана дипломдорду берүү ошондой эле бул чөйрөдөгү тетири иштерди жокко чыгаруу.

БББЭС бир беткей максаттарынын бири окуу процессин демократтиялаштыруу жаш адистердин карьералык өсүшүн изилдөө жана эмгек чөйрөсүндө абалды иликтөө.

EDU24 качан ишке киргизилет?

Электрондук жалпы билим беруу багытын иштеп чыгуу этаптарга бөлүнгөн. Мындагы жумуштун биринчи этабы долбоорго «Электрондук текшеруу баракчасын» жана « КРнын билим беру алкагын» 2012 – жылдын январь-март айларына белгиленген.

Жогоруда айтылгандарды эске алганда система 2012 жылдын күзүндө толугу менен ишке киргизилет.

EDU24-кө кантип катталса болот?

Азырыкы учурда системанын (каттодон өткөн) катышуучулары бул мугалимдер жана 2010 жылдан баштап ЖОЖдорго тапшырган 1 курстун студенттери.

2010 жалдын үлгүсүндөгү билетти жана сырдык сөзү бар карточканы алары менен студенттер автоматтык түрдө EDU24 катышуучусу болуп калышат.

Эгер ЖОЖ баардык керектүү маалыматтарды камсыз кылса, жогорку курстун студенттери да, ЖОЖдун уруксаты менен системага кирүүгө укук ала алышат.

Порталдын кээ бир беттери (азыркы жана иштелип чыккан) жеткиликтүү ачык бете жайгашкан. Мисалы, ачык бетте жайгашкан маалыматтар бүтүрүүчүлөр(абитуриенттер) үчүн бөлүнгөн.

Эгер сыр сөз жоголсо эмне кылуу керек?

Студенттер сыр сөзүн унутуп же жоготур алган учурда, дубликатын алуу үчүн ЖОЖдогу жоопкер адамга же "Тартип" Жабык акционердик коомуна кайрылуусу керек.

Эгер студент студенттик билетин көргөзсө, дубликат акысыз чыгарылып берилет.

Башка колдоонучулар "Тартип" Жабык акционердик коомуна кайрылуусу керек.

EDU24-тү ким иштеп чыгууда?

Долбоордун автору «Тартип» Жабык Акционердик Коому; (Кыргыз Республикасы).

Долбоор Кыргыз республикасынын илим жана билим берүү министирлигинин заказы боюнча иштелип чыгууда.