Жалпы маалыматтар

Кыгыз республикасы бүгүнкү күндө демократияга жана базар экономикасына негизделген эгемен мамлекетти жана ачык коомду куруу үчүн көп сандаган социалдык-экономикалык өзгөртүүлөрдүн жолунда бара жатат. Бул процесстер коомдун маанилүү бөлүгү болгон билим жаатына да таасир тийгизүүдө.

Адамдын жашоосундагы азыркы учурда болуп жатткан глобалдуу өзгөрүүлөр баардык өлкөлөрдү камтыйт жана алардын ичинде Кырыгызстанда бар. Жылдан жылга тезделип келе жаткан интеграция Кыргыз республикасынын дүйнөлүк коомчулука кириши, эл аралык кызматташтыктын ыкчамдашы өзгөрүү процесстерин кылдат талдоону талап кылат. Анткени алардан алынган тажрыйба бизден кийинки муундарга биздин каталарыбызды кайталабай өнүгүп өсүүлөрүнө көмөк берет. Адамзат өзүнүн келечегин жана үмүттөрүн дайым билим алуу менен байланыштырып келген. Ошол себептен Кыргызстандын азыркы оор шарттарга карабай жашоо шарттарынын онолушун билим алуу менен байланыштырат. Азыркы тарыхый баскыч дүйнөнүн көп өлкөлөрү үчүн өткөөл доор болуп калды. Азыркы проблемалардын көбү ушул өткөөл кырдаалдын айынан келип чыккан. Кыргызстан да ушундай шартта.

Кыргызстандын билим берүү системасы ондогон жылдар бою СССР курамы кезинде өлкөнүн сыймыгы болчу.Өткөөл мезгил башталаар алдында Кыргызстанда көп сандаган башка өлкөлөрдө өтө курч турган маселелер чечилген. Калктын басымдуу бөлүгү сабаттуулука ээ болгон. Башталгыч класстагы билим алгандардын саны көбөйүп, олко жалпы орто билим алуу маселесин чечкенге жетип калган. Жылдан жылга жогорку окуу жайда окуган студенттердин саны көбөйуп жаткан. Окуутучулардын чеберчилиги жогорку денгээлге жеткен. Мындай абал окуучулардын туруктуу жогорку жетишкендиктерге жеткенине шарт тузгон. Өзгөчө табигый жана математикалык илимдерде. Жылына ондогон окутуу мекемелери пайдаланууга берилип турган. Окуу мекемелери керектүү окуу көрсөтмо куралдары жана методикалык адабият менен толук камсыз болгон. Канааттандыраарлык лабораториялар жана китепканалар болгон.

Базар шарттарына өтүүдө абал өзгөрдү. Көптөгөн эксперттер айткандай, СССР дин билим берүү системасы авторитардуу мамлекет бийлигине жана пландуу чарбачылыка ылайыкташылган. Бирок, бул система рынок экономикасына жана ачык саясий системага ылайык эмес болуп калды. Базар экономикасы ачык коом адамдын билимин чыгармачылык менен колдонууга жана оор шарртарда туура чечимдерди кабыл алууга ошондой эле оз алдынча билим алууга мажбурдайт. СССР де жана анын курмына кирген Кырыгызстанда колдунудуп келген окуу пландары, программалар жана окуу китептери дайым эле керектүү билим жана жөндөмдүктөрдү алууга багытталган эмес. Өткөөл мезгил учурунда тышкы социалдык, экономикалык проблемалар системанын ички проблемаларынын күчөшүнө алып келген.

Мамлекеттин каражаты жетпей, мамлекет калктын күндөн күнгө өсүп келаткан суроо талабын канааттандыра албай калды. Бул билим берүү секторунда жекече мекемелердин пайда болушуна алып келди. Билим берүү базар принциптерине өтө баштады. Билим берүү мекемелеринин арасында өзгөчө жогорку билим берүү мекелерининжана мектеп окуучуларынын араасында атаандаштык башталды.

Ички жана тышкы кучтордун таасири олкону билим беруу системасын рефармалоого туртту. Бирок, өзгөртүүлөрдүн башында ички чон масштабдуу кыйынчылыктар чечилбеген маселелер көп анча байкалбаганы менен алардын кийинки таасири совет доорунда болгон баардык жетишкендиктерди жокко чыгарды. Билим алууга болгон чектөөлөр, билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү, чабал кадрдык, материалдык жана каржылык абалы, мамлекеттин башкаруудагы жана билим чөйрөсүндөгү каталары. Мындай оорчулуктардын пайда болушу саясатчылар үчүн да, билим берүү жаатынын адистери үчүн да күтүүсүз болгон. Кээ бирлери эмдигичекти биздин билим берүү системасынын жогорку сапатына ишенишет жана баардык оорчулуктарда реформалар күнөөлү деп ойлошот. Реформанын кесепеттерин көрө биле албаганда күнөөнүн бир бөлүгү билим- илим тармагын изилдөөчүлөрдө жатат. Алардын күнөөсү башка ушундай кырдаалга туш болгон өлкөлөрдүн социалдык, экономикалык, саясий шарттарын изилдеп, биздин өлкөдө пайда боло турган оорчулуктарды жана аларды женүүнүн таасирдүү жолдорун таба албагандыгында. Балким каталардын себебинин бири, окуу процесстеринин түрүн өзгөртүү масалелерин изилдөө жаатында көбүнчө окутуучулар болгон жана аларды биринчи учурда окуу процессинин жаны нугу менен окутуунун жаны технологиялары кызыктырган.

Байланыш маалыматтары

Кыргыз Республикасынын
илим жана билим министирлиги

Бишкек шаары Тыныстанов кочосу 257
720040, Кыргыз Pеспубликасы

+996 (312) 66-24-42

http://edu.gov.kg